Өзбекстанда ЖЭБдеги жарылуудан үч киши каза болуп, дагы үчөө ар түрдүү деңгээлде жаракат алды

Окуялар тизмеги 21 Янв 2021 09:48
0 ой-пикир

20-январь күнү түштө Ташкент облусундагы Жаңы-Ангрен жылуулук электростанциясынын профилактикалык иштерине байланыштуу токтотулган 5-энергоблогунда жарылуу болду. Өзбекстан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, окуядан үч киши өлүп, дагы үчөө ар түрдүү деңгээлде жаракат алды.

Алар 5-энергоблокто профилактикалык иштерди аткарып жаткан кызмат көрсөтүүчү ишкананын жумушчулары болгон.

ӨКМ өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн министрликтин атайын күчтөрү жана каражаттары тартылганын билдирди. Жарылуунун себептери иликтенүүдө.

Кырсык учурунда Жаңы Ангрен ЖЭБинин инфраструктурасы жана техникалык жабдуулары жабыркаган эмес.

Буга чейин «Озодлик» радиосу эки апта мурун Талимаржан жылуулук электростанциясынын эки буу казаны чукул түрдө ишин токтотконун, буга байланыштуу Кашкадарыя облусунун бир катар аймактары жана шаарлары жарыксыз калганын маалымдаган.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.