Шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыяланды

Окуялар тизмеги 21 Янв 2021 09:13
0 ой-пикир

Борбордук шайлоо комиссиясы 20-январда «Кыргыз Республикасынын мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоосунун жыйынтыгы жөнүндө» протоколду бекитти. Башкача айтканда добуш берүүнүн расмий жыйынтыгын чыгарды.

Расмий жыйынтыкка ылайык, Кыргызстандын президенти болуп Садыр Жапаров шайланды. Жапаров 1 млн. 105 миң 248 (79,20%) шайлоочунун добушун алып жеңишке жетти.

Адахан Мадумаров 94 741 (6,79%)

Бабыржан Төлбаев 32 979 (2,36%),

Арстанбек Мыктыбек 23 583 (1,69%), 

Абдил Сегизбаев 20 335 (1,46%), 

Имамидин Ташов 16 383 (1,17%), 

Клара Сооронкулова 14 005 (1%), 

Аймен Касенов 12 684 (0,91%), 

Улукбек Кочкоров 9 397 (0,67%), 

Канатбек Исаев 8 038 (0,58%), 

Бактыбек Калмаматов 6 893 (0,49%), 

Элдар Абакиров 6 996 (0,50%), 

Курсан Асанов 6 885 (0,49%), 

Равшан Жээнбеков 2 652 (0,19%), 

Каныбек Иманалиев 2 490 (0,18 %), 

Женишбек Байгуттиев 1 327 (0,10%), 

Арстанбек Абдылдаев 1 157 (0,08%) добуш алды. Баарына каршы 18 673 (1,34%) киши добуш берген.

Жалпы добуш берүү үчүн 3 млн. 563 миң 574 жаран катталган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.