Баңгизат жасоого жана сатууга багытталган бир тоннадан ашуун химиялык суюктук табылды

Окуялар тизмеги 20 Янв 2021 15:48
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ири өлчөмдө синтетикалык баңгизат кармалганын билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, 19-январда Ош шаарында колго түшүрүлгөн жүк ташуучу машинедеги 42 жащикте баңгизат жасоого жана сатууга багытталган бир тоннадан ашуун химиялык суюктук болгон. Экспертизанын корутундусуна ылайык, андагы аммиак суусунун эритмеси болжол менен 20-21% түзөт.

Кылмышка шектүү катары жүктүн ээси кармалып, УКМКнын Оштогу башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.