«New York Times» басылмасы «Популист, зек, Президент: Адам уурдоого айыпталган адам Кыргызстандагы шайлоодо жеңип чыкты» деген аталыштагы макала жарыяланганын UA.kg шилтеме кылды.
Аталган басылма, парламенттик шайлоодон кийинки толкундоолор менен абактан чыккан Садыр Жапаров кезексиз жарыяланган президенттик шайлоодо жеңип чыкканына жана Кыргызстандагы акыркы кездеги болуп өткөн саяий окуяларга кенен токтолгон.
Популист саясатчы жана адам уурдоо боюнча соттолгон, мурунку бийликке каршы элдик көтөрүлүштөн кийин абактан бошотулган адам ушул жекшембиде Кыргызстанда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо жеңишке жетишти. Борбордук Азиядагы жападан жалгыз демократиялык жана тоолуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, жеңишке жеткен талапкер Садыр Жапаров дээрлик 80 пайыздан ашык добуш алган. Ошондой эле шайлоочулардын 80 пайыздан ашыгы Жапаровдун саясий бийликтин президенттик башкаруу формасына өткөрүү сунушун колдошту. 52 жаштагы Жапаров түрмөнүн камерасынан премьер-министрдин креслосуна чейинки жолун басылма кенен талдаган.
Опоненттери аны уюшкан кылмыштуулукка байланышы бар жана коррупционер, олигархтар менен тиешеси бар экенин айтып сындап келишкенин, Жапаров шайлоо өнөктүгүнүн артында коомду бириктирүүгө аракет кылганын, жекшемби күнү добуш берүүдөгү мыйзам бузуулары жөнүндө түрдүү маалыматтар келип түшкөнүн жана шайлоочулардын 39%зга жакыны катышкандыгын билдирген.
Андан сырткары, Жапаров өлкө тагдырын оң жолго салууда кеңешүү үчүн атаандаштарын баарлашууга чакырганын цитаталаган.
«Президенттикке аттанган башка талапкерлердин да саясатта өз салмагы, кадыр-баркы, тажрыйбалары бар. Алар да эл урматына ээ болгон инсандар. Алардын да өлкөнү өнүктүрүү, кубаттуу мамлекетке айлантуу боюнча ыйык тилектери бар. Мен атаандаштарымды дал ушул тилектери жана сапаттары үчүн сыйлайм. Президент катары толук кандуу ишке киришерим менен шайлоодо чогуу ат салышкан атаандаштарымды баарлашууга чакырам.
Сүрөт интернеттен алынды