Европа Биримдиги Кыргызстанда өткөн шайлоодо талапкерлерге бирдей шарт түзүлбөгөн, административдик ресурс колдонулганын белгилейт

Окуялар тизмеги 12 Янв 2021 16:02
0 ой-пикир

Европа Биримдиги Кыргызстанда өткөн «тартиптүү жана жакшы уюштурулган президенттик шайлоону» кубаттайт. Ошол эле учурда Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) байкоочулар миссиясынын тыянактарына ылайык, талапкерлер үчүн үгүт иштеринде бирдей шарт түзүлбөгөн, административдик ресурс колдонулган учурлар белгиленген.

Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү президенттик шайлоо жана референдум боюнча ушундай билдирүү таратты.

«Шайлоочулардын катышуусу да салыштырмалуу төмөн болду. Кыргыз бийлиги ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун сунуштарына ылайык улуттук шайлоо мыйзамдарын мындан ары өркүндөтүшү керек. Евробиримдик келечектеги президентти коомдун бардык тармактары менен кызматташууга жана Кыргыз Республикасынын адам укуктары, негизги эркиндиги боюнча жалпы милдеттенмелерин мындан ары дагы бекемдөөгө, ошондой эле эл аралык милдеттенмелерин аткарууга чакырат», деп айтылат билдирүүдө.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.