Учурда Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында көчмө сахна орнотулуп, музыка ойнотулууда. Аянтка президенттикке талапкер Садыр Жапаров келип, шайлоочуларына ыраазычылык сөзүн айтты. Аянтта ошондой эле айрым эстрада ырчылары концерт берери айтылды.
Буга байланыштуу Ала-Тоо аянты аркылуу өткөн Чүй проспекти 11-январда саат 13:00дөн тартып убактылуу жабыларын шаардык кайгуул-күзөт кызматы да маалымдады.
10-январда өткөн Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоодо талапкер Садыр Жапаров 79% көбүрөөк добуш алган.
Азыр аянтта абал туруктуу, ИИМ кызматкерлери аянтта кызматта турушат.