Бабыржан Төлбаев Кыргызстанда өткөн шайлоонун жыйынтыктарына комментарий берип, Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктады. Ал видеокайрылуусун өзүнүн Instagram баракчасына жарыялаган.
Бөлбаев өзүнүн командасына жана колдоп өз добушун бергендерге ыраазычылыгын билдирди.
«Үчүнчү орун биринчи ирет шайлоого катышкан адам үчүн жакшы көрсөткүч. Мен саясий аренада пайда болгонума бир-эки эле ай болду», — деди президенттикке талапкер.
Ошондой эле, Бабыржан Төлбаев өзүнүн атаандаштарына да ыраазычылык билдирди. Ал Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктап, ага өз кеңешин берди.
«Мен сизге бир кеңеш бергим келип турат: өзүңүздү сизден билимдүүрөөк, тажрыйбалуураак жана даанышман адамдар менен курчаганга аракет кылыңыз, алар сизди күчтүрөөк кылышат. Ал адамдар сизге чындыкты гана айтышсын, бул мамлекетти башкарууда жардам берет», — деди Бабыржан Төлбаев.
Эскерте кетсек, Бабыржан Төлбаев «Мөл Булак» микрокредиттик компаниянын жетекчиси. Ал интервьюларынын биринде 10 жыл бала бакчада шыпыргыч болуп иштегенин да жашырган эмес. Пандемия учурунда кыйналып жаткандарга жардамын берген инсандардын бири.
Сүрөт интернеттен алынды