Шайлоого карата эл аралык байкоочулардын дагы бир тобу катталды

Окуялар тизмеги 29 Дек 2020 13:44
0 ой-пикир

10-январда өтө турган президенттик шайлоого жана референдумга карата эл аралык байкоочулардын дагы бир тобу катталды. Бул тууралуу 29-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, бир катар уюмдун атынан 113 өкүл аккредитациядан өттү. Алар – Индонезиянын шайлоо комиссиясынан эки, Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин парламент аралык ассамблеясынан 18, Шанхай кызматташтык уюмунан 14, Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынан тогуз, Ислам кызматташтык уюмунан үч, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун парламенттик ассамблеясынан тогуз, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун парламенттик ассамблеясынан 52 жана Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинен алты байкоочу.

Жалпысынан, 28-декабрга карата Кыргызстандын Боршайкому 31 эл аралык уюмдан, 43 өлкөдөн 311 байкоочуну расмий каттоого алды.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.