Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратылды

Окуялар тизмеги 25 Дек 2020 15:11
0 ой-пикир

Бишкек шаардык соту «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу тууралуу 25-декабрда чечим чыгарды.

Жогорку сот депутатты мандатынан ажыратуу боюнча Бишкек шаардык соту чечим кабыл алган.

Өмүрбек Текебаев сотко өзү катышпаганын айтып, мандатты алуу тууралуу чечимди саясий деп баалады.

23-ноябрда Бишкектин административдик соту Ормуковдун арызынын негизинде Боршайкомдун Текебаевге депутаттык макамды кайтаруу тууралуу быйылкы 15-октябрдагы токтомун жараксыз деп тапкан. Сот буга «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзам бузулган деген жүйө келтирген.

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз 12-октябрда депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартып, аны партия лидерине берүүнү БШКнын төрайымынан өтүнүп арыз жазган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.