Артем Новиков Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө металл буюмдарын чыгаруучу өндүрүштүк ишканага барды

Окуялар тизмеги 25 Дек 2020 17:05
0 ой-пикир

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө «Мин-Ксин» металл буюмдарын чыгаруучу өндүрүштүк ишканага барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Аталган ишкана «Максат» ААК өндүрүштүк базасында инвестицияларды тартуу эсебинен түзүлгөн жана 70 адамды жумуш орду менен камсыздайт.

Ишкана менен таанышуу учурунда белгиленгендей, анын өндүрүштүк кубаттуулугу 60 тоннаны түзөт жана өндүрүлгөн продукция Өзбекстан жана Тажикстан Республикасына экспорттолот.

Келечекте арматура чыгаруу боюнча өндүрүштүк линияны ишке киргизүү эсебинен өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн жогорулатуу пландаштырылууда. Бул учурда ишкананын экспорттук потенциалы жогорулап, жумушчу орундардын саны 140ка жетет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.