22-декабрда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги Чыңгыз Айтматовдун 92 жылдыгына карата уюштурган сүрөт көргөзмө ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Фотокөргөзмөдө биринчи жолу Чынгыз Айтматовдун уулу, жазуучунун Үй-музейинин жетекчиси Элдар Айтматовдун үй-бүлөлүк архивинен алынган 70тен ашуун сүрөт көрсөтүлдү.
Иш-чаранын ачылышына Өзбекстандын Көркөм академиясынын, Өзбекстандын Жазуучулар союзунун, Ташкенттеги дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, мекендештер жана журналисттер катышты.
Фотокөргөзмө 2021-жылдын 22-январына чейин уланат.
Сүрөт интернеттен алынды