Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн.
Конституциялык кеңешме аягына чыгып бара жатат. Бүгүн бул кеңешменин мүчөсүнүн бири кеңешменин ишин жыйынтыктап жатканын телевизордон көрүп калдым жана конституциялык реформадагы курултай тууралуу эң башкы маселе чечилбегенин түшүндүм. Курултайга “коомдук байкоочу кеңеш” деген коомдук уюм макамы бекитилген, бирок тажрыйба көрсөткөндөй мындан эч кандай жыйынтык болгон жок. Конституциялык кеңешме бул көйгөйдү чече албаганынын себеби анын мүчөлөрүнүн кенен ой жүгүртө албагандыгында, эл аралык стандарттардын алкагынан чыга албагандыгында ж.б. себеп болду. Демек, нааразычылыктардан качып кутулууга болбойт. Ал эми жаңы бийликти буга чейинки бийликтерди айыптагандай эле манипуляция кылууда жана алдоодо деп күнөөлөшөт.
Курултай бардык бийлик бутактары отчет берүүчү мамлекеттик орган кылыш керек. Эл ушуну каалап жатат да?
Муну кантип жасаса болот? Бул эң жөнөкөй. Курултайды парламенттин жогорку палатасы, сенат кылып коюу керек, ал эл өкүлдөрүнөн турушу керек. Мисалы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кеңештердин башчыларынан. 800гө жакын делегат. Сапаты мыкты болушу үчүн алардын катарына улуттук ассамблеянын өкүлдөрүнөн, жарандык коомдон 100гө жакын кишини кошсо болот. Алардын баарын сатып алуу мүмкүн эмес. Аларга республикалык бюджетти бекитүү укугун берип, төраганын, президенттин, башкы прокурордун, Эсеп палатасынын, Жогорку соттун отчетун угуу укугун бериш керек. Бул процедураны туура, так кылып жазып чыгуу зарыл. Бул иштин сапатын жакшыртат, импичменттен сестенгендер болот. Курултай сессиялык режимде, жылына 1-2 жолу жыйынга чогулуп турат. Аларга айлык төлөп кереги жок, аны курултай мүчөлөрү иштеген жеринен алышат. Муну менен Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын, маданият жана илим өкүлдөрүнүн ролун жогорулатат.
Башкача айтканда теоретиктер кооптонуп жаткандай эки парламент болбойт, бир парламенттин эки палатасы болот – курултай жана Жогорку Кеңеш. Аны “Улуттук конгресс” деп атап койсоңуздар болот. Бул вариант акыркы советтик парламентке окшош болот, ал “СССРдин элдик депутаттарынын съезди” деп аталып, 2,5 миң депутаттан турчу жана сессиялык тартипте иштеп, жылына бир-эки жолу чогулчу.
Бул курамдан 660 депутаттан турган Жогорку Совет куралчу, ал дайыма иштеп, күн сайын мыйзамдарды жана токтомдорду кабыл алчу. Курултай эффективдүү иштөөсү үчүн дагы кандай кылса бодлорун ойлонуп көрсө болот. Узурпация жана диктатура болот деген күмөн саноолор дароо жоголот. Бийлик элдин көзөмөлүндө болот. Бийликти алмаштыруу керек деген негиздер жоголот.
Германиянын тажрыйбасын карап көрсөк болот. Аларда азыр эки парламент бар — Бундестаг жана Бундесрат. Биринчиси төмөнкү палатанын, экинчиси жогорку палатанын ролун ойнойт. Экинчи орган аймактардын башчыларынан – немис жерлеринин жана шаарларынын башчыларынан куралган. Ошондуктан курултай институтунан коркпой эле коюш керек, унутулуп бара жаткан эскини эстеп, Кыргызстандын саясий системасында курултайга татыктуу орун берүү зарыл.
Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.