«Эгерде эл суранса, Курманбек Бакиев менен Аскар Акаевди Кыргызстанга алып келем!», — Садыр Жапаров

Окуялар тизмеги 19 Дек 2020 19:34
3 ой-пикир

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров Гүлчө айылынын эли менен жолугушуу учурунда жергиликтүү тургун “Акаев менен Бакиев качып чет өлкөдө жүрөт, бири 80ге таяп калды, ушу кишилер Ала-Тообузду сагындык деп ыйлап жүрүшөт. Сөөгү талаада калып калбасын, экөөнү алып келсеңиз суранат элем” деген суранычы менен кайрылды.

Өз кезегинде Жапаров «Эгерде эл суранса, Курманбек Бакиев менен Аскар Акаевди Кыргызстанга алып келем. Экөөнү кечирсеңер, алып келебиз. Ал эми көпчүлүк каршы боло турган болсо, кыйын болот» деп жооп берди.

Сүрөт, видео www

3 ой-пикир “«Эгерде эл суранса, Курманбек Бакиев менен Аскар Акаевди Кыргызстанга алып келем!», — Садыр Жапаров

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.