Садыр Жапаров Адахан Мадумаровдун айткандарына жооп берди

Окуялар тизмеги 18 Дек 2020 17:48
0 ой-пикир

Президенттик шайлоого талапкерлердин бири Садыр Жапаров дагы бир талапкер Адахан Мадумаровдун КТРКнын түз эфиринен айткандарына жооп кайтарды.

«Адахан Кисманбаевич «көлгө барсам мени киргизбей, административдик ресурс колдонулду» деп айткан экен. Жок, андай эмес. Мен бардык аймактарга айтып жатам, «кайсы талапкер болбосун кучак жайып тосуп алгыла» деп жатам. Программасын уккула, жакшынакай узатып койгула. Анан программасына карап көкүрөгүңөр менен өз каалооңорго жараша добуш бергиле», — деди Жапаров Өзгөн районунда шайлоочулар менен жолугушуу маалында.

Ал ошондой эле мугалимдерди, мамлекеттик кызматкерлерди шайлоо өнөктүгүнө тартууга каршы экенин да кошумчалады.

Президенттикке талапкер, «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров Коомдук телерадио компаниядагы түз эфирде өзүнүн тарапкерлери опузага кабылып жатканын айткан.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.