Клара Сооронкулованын БШКга каршы жазган арызын сот канаатандырган жок

Окуялар тизмеги 18 Дек 2020 19:42
0 ой-пикир

Президенттикке талапкер Клара Сооронкулованын Борбордук шайлоо комиссиясына каршы Бишкектин административдик сотуна жазган арызы канааттандырылган жок. Анын тарапташы Рита Карасартова «Азаттыкка» билдиргендей, сот 18-декабрда болду. Алар эми Жогорку сотко кайрылышмакчы.

Сооронкулова Садыр Жапаровдун талапкер болуп катталышын жокко чыгарууну талап кылып, 15-декабрда сотко арыз берген.

Ал Жапаров президенттин милдетин аткарып турган учурда шайлоо күнү белгиленгенин, ал кызматын тапшырганга чейин дээрлик 20 күн бийликте болуп, үгүт жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү болгонун белгилеген. Ошондой эле бийликтеги ыйгарым укуктарын токтотууда да мыйзам эрежелери сакталбаганын айтууда.

БШК мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону 24-октябрда белгилеген. Жапаров 14-ноябрда кызматын тапшырып, талапкер болуп катталууга арыз берген.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Жапаров президенттин милдетин аткарып турганда шайлоо мыйзамын бузбаганын айтты.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.