Эртеңки күндү ойлогун, элдин уулун колдогун!

Окуялар тизмеги 18 Дек 2020 20:54
0 ой-пикир

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун үгүт кербени ийгиликтүү уланууда. 15-декабрь Талас жеринен старт алып, Жалал-Абад, Ош облусундагы шайлоочулары менен жолуккан Садыр Жапаровду бардык жерде кызуу кол чабуулар, “Садырлап” кыйкырган ураандар менен тосуп алып жатышты. 3 облустун эли менен 4 күндүн ичинде баш аягы 10го жакын жолугушуулар болуп, 30 миңден ашык эл келди. Ызгаар, суукка карабай Садыр Жапаровго чын жүрөгү менен колдоо көрсөтүү үчүн алыскы аймактардан бери келгендер да көп болду. Ар бир жолугушууда элдик талапкерге арналган ак баталар, каалоо-тилектер, ал гана эмес жүрөктөн чыккан ыр саптары арналып жатты.   

Элдик талапкер менен элдин ортосундагы эч кандай жасалмалуулугу жок, эркин, түз баарлашуулар көпчүлүктүн купулуна толуп турду. Стадиондорго, шаардык аянттарга агылып келген элдин маанайы, сүйлөгөн жалындуу сөздөрү болочоктогу Президент ким болоорун ачыктап койду окшойт.

Таласта, Жалал-Абад, Ошто жалпы элди түйшөлткөн коррупцияга каршы күрөш, тышкы карыз, экономикалык каатчылык сыяктуу жалпы көйгөйлөр көтөрүлүп, Садыр Жапаровдун салмактуу, ишенимдүү жооптору элдин эртеңкиге болгон ишенимин, жакшы жашоого болгон үмүттөрүн жандандырып турду. Садыр Жапаров адамкерчиликтин эң бийик чеги болгон жөнөкөйлүгү менен да чогулган элдин жүрөгүн ээлеп алды. Ар бири менен бир туугандай баарлашып, көйгөйлөрүн угуп гана тим болбостон, ар бир айтылганды жаздырып, чогулттуруп жатты. Демек, элдин өтүнүчү, мүдөө тилеги илгеркидей болуп кулак сыртынан кетпейт. Сөзсүз жыйынтык болот, өлкөбүздө сөзсүз өнүгүү болот!

Садыр Жапаров өз шайлоочуларына, жалпы кыргызстандыктарга Президент болуп шайланып калса, өлкөнүн Башмыйзамы, парламенттик шайлоо сыяктуу саясий өнөктүктөр ийгиликтүү бүтсө,   жалаң экономика менен алек болоорун, өлкөнү саздан сууруп чыгарын айтты. “Саясатты жыйыштыралы. Бири — бирибизге акаарат айтууну таштап, жашоону жаңы ак барактан башташыбыз керек” – дейт элдик талапкер.

Экономиканын кан тамыры — жол. Жолдорубузду оңдоо менен жалпы экономикабызды өнүгүү жолуна салаарыбыз белгилүү. Бирок ошол жол салуу ишинде миллиарддаган акчаларыбызды кымырып алуу менен далай чиновниктер укум-тукумуна жеткидей байлык топтоп коюшту. Бул боюнча Садыр Жапаров:

Жолго каралган каражаттын жарымын иштетип, жарымын жеп койгон фактылар абдан көп. Шайланып калсам, бул боюнча комиссия түзөбүз, кайра текшеребиз. Жаңы салынган жолдор бизде 3 жылдан кийин аңтарылып калып жатпайбы. Өнүккөн өлкөлөр 30 жылдык кепилдиги менен салат. Азыр тендер дегенди ойлоп таап алышкан. Тендерден утканга жардам берген чиновник 10 пайызын алат. Жол салгычтар  15 пайызын жейт. Кабыл алган коммиссия келип, дагы 10 пайызын жейт. Анан ошол жолдон эмне ырыскы калат? Мындан ары катуу көзөмөлгө алабыз. Жолду кудай буйруса мамлекет өзү салат. Өзүбүздүн техника, өзүбүздүн жолчулар, өзүбүздүн күчүбүз менен салабыз” – деди.

Садыр Жапаровдун өзгөрүүгө, жаңыланууга, башкача жашоого баштап бара алган мыкты сапаттары дал ушул 4 күндүк үгүт ишинде кашкайып көрүнүп калды. Эл арасынан башка саясий ишмерлердин, айрым талапкерлердин дарегине ачуу сөздөр айтылса “койгула. Ал деле кыргыздын баласы. Анын да артыкчылыктары көп” – деп бөлүнүп жарылууга эмес, биригүүгө үрөн сепчү сөздөрүн айтып, сабырдуулукка чакырып жатты. Анын бул аракети анча маанилүүдөй көрүнбөгөнү менен жалпы кыргызстандыктарды ынтымакка чакырып, мурдагыдай ыркырашпай, мындан ары тарыхыбыздын жаңы, таза барагын баштайлы деген ишараты болду!

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.