Сокулук районунда өгөй атасынын зомбулугуна кабылган балага байланыштуу териштирүү иштери уланууда

Окуялар тизмеги 17 Дек 2020 13:53
0 ой-пикир

Сокулук районунда өгөй атасынын зомбулугуна учураган балага байланыштуу териштирүү иштери уланып жатканын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Учурда токмок жеген бала Ат-Башы районунда таэнесинин багуусунда.

Райондук администрация баланы жеке коргоо планына ылайык бала бакчага жайгаштырып, андан ары мектепке даярдануусуна жардам бермекчи. Ошондой эле медициналык кароодон өтүп турат.

Адистер азыркы учурда жабыр тарткан тестиердин психологиялык абалы канаттандырарлык экенин аныкташты. Ат-Башы райондук социалдык өнүктүрүү жана эмгек башкармалыгы баланын кызыкчылыгын сотто жана башка органдарда коргомой болду.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.