Маркум Айэркен Саймаитиге байланыштуу депутаттык комиссиянын ишине түшүндүрмө берилди

Окуялар тизмеги 17 Дек 2020 08:20
0 ой-пикир

Анда Саймаитиге байланыштуу комиссия ачык-айкын иш жүргүзгөнү белгиленген:

«Дагы бир белгилей кетчү жагдай, Айэркен Саймаитинин тек-жайына байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиясынын бардык отурумдары ачык өтүп, өлкөдөгү көпчүлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырылып, айрым массалык маалымат каражаттарды жыйынды түз алып көрсөткөн».

Кыргызстандан миллиондогон долларды чыгарып кетүүгө аралашкан, кытайлык уйгур улутундагы ишкер Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу жагдайларды териштирүү үчүн 2019-жылдын ноябрында Талант Мамытов жетектеген депутаттык комиссия түзүлүп, ал ишин 2020-жылдын июнь айында жыйынтыктаган. Комиссиянын корутундусу парламенттин 18-июндагы отурумунда талкууланган жана токтом кабыл алынган.

Комиссиянын отурумдарында жана корутундусуна Саймаити менен байланышы бар деп айтылып келаткан Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ысымы аталган эмес. Ошондой эле комиссия «иликтөөчү журналист Али Токтакунов Саймаитиден 100 миң доллар пара алган» деген эки адамдын күмөндүү көрсөтмөсүн жарыялаган.

Мындай тыянак коомчулукта Талант Мамытов жетектеген утурумдук комиссиянын ишинен күмөн санаган пикирлерди жараткан.

2019-жылдан бери «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу бир катар журналисттик иликтөөлөрдү жарыялаган.

Матраимовго байланышкан ишти учурда УКМК тергеп жатат. 9-декабрда АКШнын Финансы министрлиги Райымбек Матраимовду «Магнитский» санкциясын киргизген. 49 жаштагы Матраимов 1997-2017-жылдары Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматында иштеген. Ал 2015-2017-жылдары бул мекеменин төрагасынын орун басары болгон. 8-декабрда Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдагандай, ал мамлекетке жалпысынан 773 миллион сом төктү.

Cүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.