Сооронбай Жээнбеков менен анын иниси Асылбек Жээнбеков суракка келген жок

Окуялар тизмеги 16 Дек 2020 21:05
0 ой-пикир

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен анын иниси, Жогорку Кеңештин депутаты, экс-спикер Асылбек Жээнбеков Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Абдылда Капаровдун арызы боюнча Жогорку сотко чакырылган. Бүгүн, 16-декабрга белгиленген соттук териштирүү жоопкер тараптын келбегенине байланыштуу, 12-январга жылдырылды. Бул тууралуу доогер Абдылда Капаров «Азаттыкка» билдирди:

«Мен 4-октябрь күнү бошодум. Андан кийин сотко арыз жазгам. Эми күч органдары ишти адилет карайт, юридикалык баа берет деп ойлойм».

Ош ОИИБнын мурдагы башчысы Абдылда Капаров 2017-жылы 25-мартта кармалган. Ага прокуратура «экстремисттик чакырык таштаган, улут аралык кастыкты козуткан» деген негиз менен айып койгондуктан камалган. Капаров ал кездеги өкмөт башчы, экс-президент Сооронбай Жээнбековго «июнь окуясына байланышуу келген акчаны кымырып алган» деген доомат коюп, кадыр-баркына шек келтирди деген күнөөлөнгөн.

Буга экс-президент, өкмөттүн Ош облусундагы мурдагы өкүлү Сооронбай Жээнбековдун арызы себеп болгон. 2018-жылы 27-июнда Ош облустук соту Капаровду төрт жылга эркинен ажыратып, жаза мөөнөтүн жатак абакта өтөөгө милдеттендирген.

Абдылда Капаров 2010-жылы коогалаң учурунда Ош облустук ички иштер башкармалыгын жетектеген. Кийин Ошто саясатчылар Камчыбек Ташиевди, Акматбек Келдибековду жана Мелис Мырзакматовду колдоп митингдерге катышып жүргөн. Ош шаарындагы митингдердин биринде ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн өрттөп жиберген. 

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.