Садыр Жапаров: Кудай алдында айтып кетем, мени эч ким каржылабайт

Окуялар тизмеги 15 Дек 2020 15:45
0 ой-пикир

Садыр Жапаров Талас шаарында эл менен жолугушуу учурунда суроолорго жооп берип жатып, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тарапташтары менен байланышы жок экенин билдирди. Чогулгандар Жапаровго кат түрүндө суроолорду узатышкан.

Алардын биринде: «Сиз убагында Курманбек Бакиевдин алдында иштегенсиз. Азыр да сизди «Бакиевдер каржылайт, алар менен байланышы бар» деп жатышат. Бул чынбы?» деген суроо берилген.

Ага Жапаров: «Бул карандай калп, ушул чогулгандардын алдында жана Кудай алдында айтып кетем, мени эч ким каржылабайт. Ооба, убагында алар менен иштешкем. Мен эле эмес, Кыргызстандын 90% иштешкен.

Бирок мен алардын камчысын чаап, мамлекеттин же элдин кызыкчылыгына каршы келген мыйзамын колдоп берген эмесмин. Мыйзам чегинде өзүмдүн милдетимди аткарганмын», — деп, Бакиевдин тушунда комиссар болуп иштегенин, эч кандай тергөө иштерге катышууга ыйгарым укугу болбогонун кошумчалады.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда президенттин кеңешчиси, Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин комиссары болуп турган.

Эскерте кетсек, Жапаров президенттик шайлоого катышуу максатында 15-октябрдан тарта расмий киришкен премьер-министрлик кызматын убактылуу токтотуп, президенттин милдетин аткаруу кызматын өткөрүп берген.

Бул ортодо Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Ага 18 талапкер ат салышып жатат.

Ал эми бүгүн, 15-декабрда президенттикке талапкерлердин үгүт иштери башталды.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.