Баңгизаттарды автоунаада ташып бара жаткан жарандар кармалды

Окуялар тизмеги 15 Дек 2020 11:44
0 ой-пикир

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери баңгизаттарды автоунаада ташып бара жаткан жарандарды кармашты, — деп билдирет ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Москва районунун РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте ыкчам тергөө иш-чараларынын негизинде баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу менен алектенген факт аныкташып, шектүүлөрдү кармашкан.
Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 267-беренеси менен каралган кылмыштын белгилери боюнча жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Петровка айылынан 1998-жылы туулган Э.Б. аттуу айдоочунун башкаруусунда «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү автоунаа 1995-жылы туулган Т.Т. аттуу жүргүнчүсү менен токтотулган.
Автоунааны кароо жүргүзгөн учурда жүргүнчүгө таандык болгон кол сумкадан 21,58 граммды түзгөн өзгөчө кендир жыты бар каражат табылып алынган.
Ал эми автоунаага кароо жүргүзүүдө айдоочуга таандык болгон азык-түлүк салынган каптын ичинен өзгөчө кендир жыты бар 9 даана таңгакталган каражат табылып алынган.
Соттук-химиялык изилдөөнүн негизинде табылып алынган каражаттар жалпы салмагы 4 килограмм 236 граммды түзгөн «гашиш» баңги каражаты деп аныкталган.
Жогоруда көрсөтүлгөн жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.


Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.