ВИДЕО: Роза Отунбаева: «Партия бул бир машина, жаштар, партия түптөгүлө!»

Окуялар тизмеги 13 Дек 2020 08:40
0 ой-пикир

Мындай пикирин Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева, журналист Майраш Базлакунованын жеке каналына берген маегинде билдирди.

«Беларусия менен көптөгөн уюмдарда кызматташабыз. Бүгүн Беларустун сүт тамактарын да ичип атабыз, ушунчалык тыгыз байланыштабыз. Алар автократтык режимге каршы туруп, 18 жума, бул төрт айдан бери нааразылык билдирип келишет. Бир кишинин автократиялык режимин кулата албай жатышат, канча адам кармалды, канчасы өлкөдөн чыгарылды, канчасы кыйноого алынды. Биз болсо парламентаризм Кыргызстанга жарабайт экен, бир адамдын режимин куралы деп жанталашып, Конституцияны өзгөртүп жатабыз. Менин таң калганым, эмне себептен элибиз эки жагын карап койбойт, эмне себептен биздин эс тутумубуз кыска? Мына жакында эле мени жана Медеткан Шеримкуловду жаш саясатчылар чакырышып, алар менен жолугуштук. Ошол жолугушуунун аягында Медеткан Шеримкулов суроо берди кандай башкарууну калайсынар деп. Ошол суроого жаштардын ойлору ар кандай экен. Кыркка жакын саясатчы парламенттик башкарууну каалашат экен, ал эми экинчи суроого алар пропорционалдуу-приферционалдуу деп жооп беришти, » — деди экс-президент.

Роза Отунбаева бийлик жетекчилерин өлкөнүн экономикалык абалын жакшыртуу менен алектенбестен, Конституцияны өзгөртүүгө киришкенин, жаңы Башмыйзам менен келечек муун жашай турганын айтып, бирок аны талкуулаган Конституциялык кеңешме жаштардын пикирлерин эске албай жатканына тынчсызданды. Мындан тышкары Беларусиядагы абалды мисал келтирип, анда автократтык режимге каршы турган эл төрт айдан бери нааразылык билдирип келишерин, Кыргызстан болсо тескерисинче парламентаризмден алыстоого аракет кылганын сындады.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.