Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК)12-декабрдагы отурумунда 10-январга дайындалган мөөнөтүнөн мурда болуучу президенттик шайлоого ЕККУнун 21, Орусия Боршайкомунун бир, «Аденауэр» фондунун бир өкүлүн эл аралык байкоочу катары каттады. БШКнын маалыматына караганда, 12-декабрга карата 19 өлкөдөн жана тогуз эл аралык уюмдан жалпы 78 байкоочу катталды.
Боршайком президенттикке талапкер болуш үчүн БШКга арыз жазган 18 жарандын топтогон колун жарактуу деп тапкан.
БШКга баш-аягы 21 жаран кол тамгаларды өткөргөн. Анын ичинен 20 кишинин алды 60 миңге жакын, арты 30 миңден ашык кишинин кол тамгасын топтоду жана 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төктү. Бирөө жетиштүү өлчөмдө кол чогулта алган эмес.
14-декабрга чейин БШК президенттикке талапкерлерге расмий күбөлүк берет. 15-декабрдан 9-январга чейин үгүт өнөктүгү жүрөт.
Сүрөт интернеттен алынды