Улукбек Кочкоров: Сооронбай Жээнбеков Раим Матраимовду жоопко тартуу эле эмес, аны бийликке сүрөгөнү өтө чоң мүчүлүштүк болду

Окуялар тизмеги 11 Дек 2020 23:35
0 ой-пикир

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков эки чоң ката кетирбесе чукул бийлик алмашуу болбойт эле, — деген пикирин мурдагы министр, 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Биримдик» саясий партиясынын тизмесинин башында туруп катышкан саясатчы Улукбек Кочкоров «Азаттыкка» берген интервьюсунда билдирди.

«Раимбек Матраимов боюнча туура чечим кабыл алынбады. Бул боюнча өз убагында так иш алып барганда мындай иштер болмок эмес. Экинчиси, бул кишини жоопко тартуу эле эмес, аны бийликке сүрөгөнү өтө чоң мүчүлүштүк болду. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын дымагы, каржылык ресурстары белгилүү болчу», — деди саясатчы.

Анын айтымында мындай жагдайда «80% жакыр жашаган калк сатылары айкын болчу».

4-октябрдагы шайлоо жыйынтыктарына нааразы болгон элдин 4-5-октябрдагы толкундоосу Сооронбай Жээнбеков башында турган бийликти кулаткан. Буга шайлоонун жыйынтыгында бийликке таандык «Биримдик» жана Раимбек Матраимовго таандык «Мекеним Кыргызстан» партияларынын басымдуу көрсөткүч менен жеңишке жетиши себеп болгон.

Бийлик алмашкандан кийин узартылган мөөнөт менен иштеп жаткан парламенттин азыркы алтынчы чакырылышынын басымдуу бөлүгү жогоруда сөз болгон партиялар менен шайлоого аттанганы белгилүү.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.