Коркуусуз жана жемелөөсүз. Расул Кадралиевдин окуясы

Аналитика, Интервью, Окуялар тизмеги 11 Дек 2020 16:08
0 ой-пикир

Жамиля Дандыбаева — атайын Elgezit.kg үчүн

Бүгүнкү маектин каарманы кандай кырдаалда болбосун, биринчи кезекте адам бойдон калат. Жашоосунда түйшүктөр жана кескин бурулуштар көп болгон, ал өзүн түшүнүүнү, баардык нерсени аягына чыгарууну, адамдарга аяр мамиле жасап, өткөндү кое берүүнү үйрөндү. Расул Алматы шаарында туулуп, балалыгынын көпчүлүк бөлүгүн Фрунзе шаарында өткөрүп, дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүндө болуп, Ванкуверде жашоону чечти …

— Биз баарыбыз бала кезибизди эстен чыгарбайт эмеспизби, бирок Сиздики кандай өттү?

— Менин балалыгым жылуу маанайда өттү. Менин эсимде балалыгым таттуу балалык катары калды. Бирок бул нерсеге психотерапевтке көрүнүп, бала кезимдеги травмаларды, кайгыларды, жоготууларды, нааразычылыктарды эсимден чыгарууга аракет кылганда гана келдим. Бул жерде эс тутум мага бир аз жардам берди, айрым эсте калган нерселерди жөнгө салып, сезимдеримди оңдоп койду.

— Өспүрүм кезиңиз эмнеси менен эсиңизде? «Тополоңдор» болуп турчу беле?

— Менин өспүрүм жылдарым тынымсыз “тополоң” болду деп ойлойм. Ошол учурда мен өзүмдүн жеке чектеримди активдүү жана агрессивдүү коргодум, аны чоңдор: ата-энелер, мектептеги мугалимдер тынымсыз бузууга аракет кылышчу. Тополоң абдан катуу болчу, кээде “тырышып” өзүмдүкүн бербей туруп алчумун. Бир жолу үйүмдөн качып кетип, бала бакчадагы отургучта уктап, тоңуп калгам. Мен ал учурга абдан ыраазычылык билдиргим келет, себеби ал мезгил мени жеке чегимди коргоого үйрөттү. Аны менен катар эле мен ал убакта тажрыйбасыз болчумун, эмоцияларымды көзөмөлдөй алчу эмесмин, айрым учурдагы жаңжалдарды уялуу менен эскерем. Бирок аларды оңдоо үчүн эч нерсе кыла албайсың, тарыхты кайра жаза албайсың, дегеле мен эч нерсеге өкүнбөйм — ошол каталарды кетирип, өкүнүп, адамдарга аяр мамиле кылууну үйрөндүм.

— Акыл-насааттарын айтканы үчүн кимге ыраазычылык билдиресиз?

— Менин жашоомдо бир нече насаатчыларым болгон. Алардын ар бири менин жашоомо кандай таасир тийгизгенин билген жок. Менин чоң апам Анна Филипповна алгачкы насаатчым эле. Менин жашоомдогу көп нерсе анын мени кандайча тарбиялаганына, кандай акыл-насааттар менен бөлүшкөнүнө байланыштуу болду. Мен көптөгөн баалуулуктарды андан үйрөндүм. Алардын айрымдары бир нече убакыт өткөндөн кийин керек болбой калды, мен аларды коё бердим, айрымдары бүгүнкү күнгө чейин актуалдуу. Жана ушул актуалдуулары менин жашоомдун негизи болуп калды жана «эмне жакшы, эмне жаман» экенин үйрөттү. Андан кийин дагы мага жол көрсөткөн бир нече устаттарым болду, алардын катарында КРСУнун мен аяктаган экономикадагы математикалык методика кафедрасынын башчысы Ирина Викторовна Лукашова бар, Hyatt мейманканасынын финансылык директору — Анатолий Кондратенко, башкы менеджери — Пунит Тандондун таасир чоң. Бул адамдардын баары кайсы бир убакта мага жол көрсөтүп турушту, натыйжада биз дос болуп калдык. Алар мага ишенишкенине, колдошконуна, акылман жана чыдамкай болуп, адамдык сапаттарынын бийик болгонуна абдан ыраазымын.

Эң кечирилгис катаңыз жана эң туура тандооңуз кайсы болгон?

— Кечирилгис ката болбойт, мен буга ишенгем. Туура тандоо… мен дайыма туура тандоо кылам деп ойлойм, ошол убактагы туура тандоо. Кийин абал өзгөрүп кетиши мүмкүн, мен көз карашымды өзгөртүшүм мүмкүн дегендей… Бирок ошол маалда мен жасаган тандоо мен үчүн эң туура тандоо болгон болот.

— Сиздин жолуңуз кандай?

— Татаал жол, кээде бир кадам алдыга жылганым менен 2 кадам артка кетишим мүмкүн, айрым учурларда ийгиликсиз да болду, бирок ал менин гана жолум. Ошондуктан мен дайыма мага кеңеш бергендерди угуп коем (өзүм кеңеш сурабасам дагы) бирок өзүм туура деп ойлогон нерселерди гана жасайм. Анткени мен баскан жолду өзүм гана өтө алам. Ал жолдо кандай басыш керек экенин дагы өзүм гана билем.

— Бакыт деген эмне?

— Бакыт — бул жашоо, өзүңдүн тынчтыгың, жан дүйнөң тынч болсо, демек дүйнөдө дагы тынчтык өкүм сүргөндөй сезилет. Анан материалдык жетишкендик десем да болмок, себеби бул жашоомдун эң маанилүү бөлүгү, бирок акча мени бактылуу кыла албасын түшүндүм. Жан дүйнөм тынч болгону – мени бактылуу кылат экен. Акча бактылуулукту сезүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жардам берет жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет, бирок жан дүйнөм тынч болбосо эч кандай баалуулуктарды бере албайт.

— Эмне үчүн көчүп кетүү жөнүндө ойлоно баштадыңыз?

— Негизи эле көпкө чейин бир жерде жашай албайм. Тажап кетем, кызыгуу жоголот, өзүмдү издеп баштайм, жаңы жерлерди издеп баштайм. Бул жагынан атамды тартсам керек, себеби ал дагы бир орунда тура албайт, дайыма жолдо. Ошондуктан башка өлкөгө көчүү бала кезимден эле мен үчүн кадимки көрүнүш болчу, пландарымдын бир бөлүгү эле. Ошондуктан ушул тармакты тандап алгам, дүйнөнү көргүм келчү. Учурда 30дан ашуун өлкөнү көрдүм, мындан ары дагы саякаттоону пландап жатам, себеби саякат дүйнө таанымды кеңейтет. Мурда Дубайда, БАЭде, Бакуда, Азербайжанда жашагам. Канадага баруу тууралуу алгач 2013-жылы ойлонгом, ошол маалда Макс экөөбүз гейлер жакшы жашоодо жашаш үчүн кайда жашаса болорун байкаштырып жатканбыз.

— Максим менен жолугушуу сизге кандай таасир берди?

— Максим жашоомдо чоң роль ойноду, өзүмдү кабыл алууга, гомосексуалдуулукту кабыл алууга жардам берди. Ал өзүнүн сексуалдуулугуна жеңил карачу (мага ошол маалда ушундай сезилген), бул мен үчүн чоң ачылыш болду: “Ошондой кылса болобу?” дегем. Аны менен 12 жылдан бери чогу жашап күн сайын жаңы нерселерди үйрөнүп келем. Бул жолугушуу мага өтө жакшы таасир берди.

— Сиз гомофобиялык чөйрөдө болгонсузбу?

— Канадага келгенге чейин гомофобиялык чөйрөдө жашадык. Гетеронормативдик (кадимки) чөйрөдө жашагандарга муну түшүнүү кыйын. Көпчүлүк гейлер, анын ичинде мен дагы гетеренормативдик чөйрөдө өскөнбүз, мындай чөйрөдө сексуалдык багыты башкача болгондор абдан кодуланат. Мындай чөйрөдө жашоо өтө татаал, ошондуктан ЛГБТлар арасында өз өмүрүнө кол салгандар көп. Биз ыңгайсыз чөйрөнү алмаштыруу үчүн Канадага кеттик, себеби мурда жашообузду, өзүбүздү жашырып жүрүүгө туура келчү, коомчулук бизди башкалардай кабыл алчу эмес, баары бизди уяткарып турчу.

— Бишкекте өткөн акыркы жылыңыз эмнеси менен эсиңизде калды? Кетип жатканда айрыла албай кыйнаган нерсе эмне болду?

— Мындай ойлорду ойлобойм, себеби мен Бишкекти жашоомдон чийип салган жоксун. Бишкекте үй-бүлөмдүн бир бөлүгү, досторум, мен жактырган, мен баалаган адамдар калды. Жаңы жерге көчүп барганда мурдагы жашаган жеримде көнүп калган нерселерди сагынам. Кийин көнүп кетесиң жана жаңы келген жериң үйүң болуп калат. Бир чети акыркы бир нече жылдарда мен Бишкекте чет өлкөлүк адамдай эле жашадым, бир чети ал жакта жашаган жакын адамдарым байланышты үзүүгө жол беришпейт, анын үстүнө Бишкек менен байланышты үзүп салайын деген деле ойлорум жок. Мен Бишкекке туугандарыма барайын деп жатам, бизнес-пландарым да бар. Ошондуктан Бишкектен айрылдым дебейм, болгону жашоомдун жаңы барагын ачтым.

Декабрь айында жыл жыйынтыгын чыгаруу адатка айланган эмеспи. Көчүп кеткенден сырткары дагы кандай маанилүү нерселер болду?

— Оиий 2020-жыл тууралуу шумдук суроо болду! Көп маанилүү нерселер болду, алардын баарын айтсам чакан китеп чыкса керек (балким, качандыр бир убакта “2020” деген китеп жазам). Быйыл мени тарбиялап өстүргөн чоң апам Анна Филипповна көз жумду. Бул мен үчүн эң чоң кайгы болду. Мындан кийин эмнени айтып бере алам… аны эскергенден башка арга жок, себеби жашоо улана берет экен, ал өзү дагы көпкө кайгырбай, дайыма ачык маанайда жашоо керек деп айтчу. Мен кайрадан өзүмдүн баалаганды үйрөндүм, бул дагы маанилүү жана жашооңду жакшы жакка өзгөртөт.

— Сиздин оюңузча жашоодо эмне маанилүү жана эмненин анча мааниси жок?

— Бул “жашоонун маңызы эмне” деген сыяктуу суроо болду окшойт, бул суроого ар кимдин өз жообу бар да. Балким, менин жообум кимдир-бирөөгө пайдалуу болсо керек, мен үчүн жүрөгүмдүн тынчтыгы маанилүү жана ден соолук. Калганы өз агымы менен боло берет.

— Максимдин кайсы сапаты сизди багындырды? Бирге жашоодо эмнеге умтулуп жатасыз?

— Мени жылмайткан суроо болду. Мен Максимди кантип сүйүп калганымды айтсам, анда мен кыялымда жаратып алган образды сүйүп калдым. Ал эми чындыгында мен ал убакта көргөн образдай болгон жок. Ошол эле маалда “эмне жакшы, эмне жаман деген” түшүнүктө бирдей ой жүгүрткөнүбүз биздин мамилебиздин пайдубалы болду жана декабрь айында мамиле куруп баштаганыбызга 12 жыл болду. Мен дайыма Максимден бир нерселерди үйрөнүп келем. Эмнеге умтулам… менде азыр чогу жашаш керек деген максат жок, болгону өзүмдүн үстүмөн иштеп, биздин үй-бүлөбүзгө кошчу чоң салымым – бактылуу жана жашоого ыраазы болгон Расул.

— Канададагы жаңы жашооңуз кандай болууда?

— Жаңы жашоом абдан кызыктуу. Көп нерсени үйрөнүп жатам. Ошондуктан көп стресс болуп жатам, биз көптөгөн биз күтпөгөн окуяларга туш болдук. Жумуш, акча маселеси дагы кооз Канаданын жана кызыктуу Ванкувердин карын майындагы кумалагы болуп жатат. Мени балалык кезимдеги кызыгуулар сактап калууда. Мага жаңы нерселердин баары кызык жана бул стрессти жеңүүгө көмөкчү болуп, окууга мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.