Садыр Жапаровдун оппоненттери аны президенттик шайлоого катышуусун чектөөнү талап кылышты

Окуялар тизмеги 09 Дек 2020 16:27
0 ой-пикир

Президенттикке талапкерлигин көрсөткөн айрым саясатчылар Садыр Жапаровдун талапкерлигин алып салууну көздөп жатышат.

Президент болууну самагандар Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Бектур Асанов, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков жана коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов басма сөз жыйынын өткөрүштү.

Алар маалымат жыйынында Садыр Жапаровдун президенттик шайлоого катышуусун чектөөнү талап кылышты.

Чогулгандар Жогорку Кеңештин төрагасы президенттик милдетти аткаруудан баш тарткандан кийин, мыйзам боюнча аны премьер-министр аткарышы керек экенин белгилешти. Мындай жагдайда президенттин милдетин аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаровдун ал милдетти кайра Жогорку Кеңештин төрагасына өткөрүп бергени мыйзамсыз деп баалашты саясатчылар. Алардын пикирине караганда Жапаров президенттик милдетти аткаргысы келбесе, премьер-министрликтен биротоло кетиши керек болчу деп эсептешти.

Саясатчылар ошондой эле Садыр Жапаровдун шашылыш акталып, шайлоого баратканын сынга алышып, ошол эле убакта саясий буюртма менен соттолгон башка талапкерлерге чектөө коюлуп жатканын айтышты. Жапаровду талапкер катары каттабоо тууралуу БШКга арыз жазганын да маалымдады.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.