Абдил Сегизбаев Садыр Жапаровду ачык дебатка чакырды

Окуялар тизмеги 08 Дек 2020 23:48
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берген мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев премьер-министрлик кызматты убактылуу тапшырган Садыр Жапаровду ачык дебатка чакырды.

Мындай чакыруусун Абдил Сегизбаев 7-декабрда «Азаттыктагы» маегинде билдирди. Ал акыркы он күндө бир адам ар кыл күчтөр ортомчуларды салып, ар кандай кызматтарды сунуш кылып жатканын кошумчалады:

«Мен эң күчтүү талапкер деген адамды дебатка чакырам. Мага ортомчуларды салып жатыптыр. Бетме-бет сүйлөшөлү. Артыбыздан сөз кылбайлы. Эгер эркек болсо, түзмө-түз мага чыксын, дебаттан ар бирибиз өз чындыгыбызды айталы. Кимдин-ким экенин, кандай максат көздөп жатканын ачык сүйлөшөлү».

«Күчтүү деген талапкер ким? Садыр Жапаровбу?» деген суроого Абдил Сегизбаев «ошол кишини айтып жатам» деп жооп кайтарды. 15-декабрда, шайлоо өнөктүгү учурунда бир катар маалыматтарды ачыкка чыгара турганын айтты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.