«Реформа» партиясы 4-октябрда өткөн, кийин жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) төккөн 5 миллион сом күрөөнү кайтарып берүүнү талап кылууда.
Партия муну добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылганы, шайлоо жараяны аягына чыкпай калганы менен түшүндүрдү.
«Реформачылар» ушул өтүнүч менен БШКга кайрылган. Боршайком 28-ноябрда аны аткаруудан расмий баш тарткан.
Аталган партия шайлоодо ат салышуу үчүн 5 миллион сом күрөөнү краудфандинг жолу менен, тагыраагы колдоочуларынан топтогон. «Эгер БШК каражатты берсе, ар бир сомду ээлерине кайтарабыз»,- деп жазылган «Реформанын» кайрылуусунда.
4-октябрдагы парламенттик шайлоого 16 партия салышып, төртөө утканы жарыяланган. Оппозициялык партиялар жана коомчулук буга каршы митингге чыгып, ал бийлик алмашуу менен аяктаган. БШК добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган. 20-декабрга жаңы шайлоо дайындалып, саясий окуялардан улам кийинкиге калтырылган.
Эске салсак, аталган партиянын лидери Клара Сооронкулова президенттикке талапкерлердин бири.
Сүрөт интернеттен алынды