Учурдагы Конституция өзгөртүлгөн жок, Баш мыйзамдын жаңы долбоору жазылууда

Окуялар тизмеги 04 Дек 2020 15:48
0 ой-пикир

Учурдагы Конституция өзгөртүлгөн жок, Баш мыйзамдын жаңы долбоору жазылууда. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылдагы Конституцияга өзгөртүү киргизилген жок.

«Андыктан Баш мыйзамды өзгөртүп жатыптыр, ага каршы турабыз деген жарандарга эч чочулабаңыздар деп айтат элем. Азыркы долбоор 2010-жылкы Конституцияга альтернатива катары гана иштелип жатат», — дейт ал.

Бөрүбашев кошумчалагандай, эл парламенттик башкаруу формасын тандап алса, учурда иштеп жаткан Конституция кала берет.

«Учурдагы Баш мыйзамда кемчиликтер бар. Эл парламенттик башкарууну тандап алса, учурдагы Баш мыйзамды да жаңыртыш керек», — деди Конституциялык кеңешменин төрагасы.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.