Мыйзамсыз курал алып жүргөн жаран кармалды

Окуялар тизмеги 04 Дек 2020 10:21
0 ой-пикир

Бишкекте мыйзамсыз курал алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-декабрь күнү «Инстаграм» аркылуу белгисиз жаран белгисиз үлгүдөгү тапанча менен түз эфирге чыгып сүйлөп жаткандыгы тууралуу видео тараган.

Бул маалымат чыгары менен кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада мыйзамсыз курал алып жүргөн 25 жаштагы О.Н. аттуу жаранды кармашып, Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Тактоо учурунда бул видео ушул жылдын 1-декабрында болжол менен саат 23:50 чамасында Байтик Баатыр жана Медеров көчөлөрүндө тартылганы белгилүү болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.