Кыргызстан БУУнун баңгизаттарга каршы конвенцияларынын түп нускасын карманат

Окуялар тизмеги 04 Дек 2020 18:41
0 ой-пикир

ИИМдин БМЖКККсы Баңгизаттар боюнча комиссиянын 63-сессиясынын жыйынтыктары тууралуу. Кыргызстан БУУнун баңгизаттарга каршы конвенцияларынын түп нускасын карманат

2020-жылдын 2-декабрында Венадагы эл аралык борборунда (Вена, Австрия) Кыргыз Республикасы мүчөсү болуп эсептелген Баңгизаттар боюнча комиссиясынын 63-жаңыланган сессиясы болуп өттү.
Аталган сессиянын жүрүшүндө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун дары-дармек көз карандылыгы боюнча Эксперттердин комитетинин каннабис жана аларга байланыштуу заттарды көзөмөлдөө режимине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча алты сунуштамасы боюнча добуш берүү жүргүзүлгөн. Аталган добуш берүүнүн жыйынтыгында Комиссия эксперттердин алты сунуштамасынын бешөөсүн жокко чыгарган.
Каннабис жана ага байланыштуу заттар көптөгөн жылдар бою, 1972-жылдагы Протокол менен киргизилген оңдоолор менен 1961-жылдагы Баңгизаттар тууралуу Бирдиктүү конвенциянын тизмесине киргизилген. Конкреттүү тизмеге киргизилгендер көзөмөлдөөнүн чегин аныктап, ага мүчө мамлекеттер тийиштүү заттарга колдонуу керек.
2019-жылдын январында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму каннабис жана ага байланыштуу заттарды көзөмөлдөө чараларын өзгөртүү боюнча бир нече сунуштамаларды тартуулаган. Тереңдетилип изилденип чыккандан кийин Баңгизаттар боюнча комиссия ДСУнун эксперттеринин “каннабис жана каннабистин чайыры” 5.1-сунуштамасын 27 «макул», 25 «каршы» 1 «кармануу» добуштары менен кабыл алган. Ошентип, «каннабис жана каннабистин чайыры» 1961-жылдагы Баңгизаттар тууралуу бирдиктүү конвенциянын IV Тизмесинен, ушул аталыштагы Конвенциянын I Тизмесине киргизилип, каннабисти көзөмөлдөө жокко чыгарылган эмес.
63-жаңыланган сессиянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы Комиссиянын каннабисти жана анын чайырын (гашиш) 1961-жылдагы Баңгизаттар тууралуу бирдиктүү конвенциянын IV Тизмесинен алып салуу тууралуу кабыл алган чечимин өкүнүч менен айтты.
Комиссияга мүчө болуучу 25 мамлекеттин арасынан Кыргыз Республикасы бул чечимге каршы добушун берген. Анткени каннабиске жана анын азыктарына көзөмөлдөө чараларын начарлатууга багытталган бардык аракеттер, он миң гектардан ашуун аймагында каннабис өскөн Кыргыз Республикасындагы баңгилик кырдаалга терс таасирлерин тийгизет.
Комиссия кабыл алган чечимдин терс кесепеттерин азайтуу үчүн Кыргыз Республикасы 1961-жылдагы Баңгизаттар тууралуу бирдиктүү конвенциянын 39-беренесин жетекчиликке алууга ниеттенүүдө. Анткени ал бул келишимге караганда көзөмөлдөөнүн катуу чараларын көрүүгө укук берет.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында, Баңгизаттар боюнча комиссиясынын бардык мүчөлөрү, анын ичинен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттеринин кээ бир сунуштамаларын колдоп чыккан мамлекеттер, БУУнун баңгизаттарга каршы негиздөөчү конвенциясын жетекчиликке алуу менен, каннабисти рекреациялык максатта мыйзамдаштырууга каршы экендигин белгилешти.

ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.