Кытай 3-декабрдан баштап «Эркеч-Там» жана «Торугарт» пункттары аркылуу өткөн унаалардын санын көбөйтүүгө даяр

Окуялар тизмеги 02 Дек 2020 13:15
0 ой-пикир

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиковдун Кытайдын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

«Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши аба ырайынын шарттарынан көз каранды жана коронавирустук инфекциянын жайылышынын алдын алуу алкагындагы кытай тарап аркылуу кабыл алынган чараларга, ошондой эле өткөрүү пункттары аркылуу жүктөрдүн өтүүсүнүн өзгөчө алгоритми менен түздөн-түз байланыштуу.

Артём Новиков Кытайдын элчисине Кыргыз-Кытай мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишине байланыштуу маселенин ыкчам чечилиши үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз өкмөтү көзөмөл-өткөрүү пункттарынан унааларды өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынып жаткан бардык чараларды колдоого алууга даяр экендигин белгиледи.

«Биз тараптан бардык тийиштүү кызматтар кытай тарап менен биргелешип иштөө режимине өткөрүлөт. Көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин күчөтүү пандемия учурунда эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө оңдуу таасирин тийгизерине ишенем. Товарларды ташууну уюштурууда бардык тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык чаралар сакталат», — деп белгиледи премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Жыйынтыгында Артём Новиков мамлекеттик бажы кызматына, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматына көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин Кытай тарап менен биргелешип иштөө режимине өткөрүү тапшырмасын берди.

Сүрөт интернеттен алынды


Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.