ИИМдин Ички аскерлеринин Колбашчысы Республикалык спорт федерацияларынын жетекчилери менен жолугушту

Окуялар тизмеги 02 Дек 2020 19:52
0 ой-пикир

Бүгүн, 2-декабрда ИИМдин Ички аскерлеринин командачылыгында Ички аскерлеринин Колбашчысы полковник Кенжекулов Исламбек менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик олимпиадалык комитетинин Генералдык катчысы Эргешов Саламат, “9х19” спорттук аттуу комплексинин Генералдык директору Тарасов Артем жана Кыргыз Республикасынын текбол федерациясынын Президенти Чолпонбек Джумашукуров жолугушту.
Эки жак ар тараптуу жана натыйжалуу кызматташууну түзүүнү талкуулашты. Келечекте эл аралык ок атуу жана текбол боюнча мелдештерге катышуу үчүн Ички аскерлеринин аскер кызматкерлеринин ичинен профессионалдуу спорт чеберлерин даярдоо пландалууда.
Жолугушуунун соңунда текбол федерациясынын Президенти Чолпонбек Джумашукуров Ички аскерлеринин аскер кызматкерлери текбол оюунун ойноо үчүн 2 текбол оюнунун столун белекке тапшырды.

Маалымдоо үчүн: Текбол-бул жалгыз оюунда эки оюнчу жана түгөйлүү үч же төрт оюнчу катышат. Оюн стол үстүндөгү теннис оюнун элестетет. Оюнга ийилген стол жана топ колдонулат, топту колдон башка дененин бүткүл жагы менен соккуга алса болот. Эл аралык деңгээлде оюнду (FITEQ) Эл аралык текбол Федерациясы сунуштаган. Азыркы күндө бул оюндун түрүнө олимпиадалык статус берүү каралууда. Текбол 2014-жылы Венгрияда эки футбол сүйүүчүлөрү тарабынан ойлонуп табылган, алар муруңку профессионалдуу футболчу Габор Боршани жана программалоочу Виктор Хусар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.