«Женго» каймана аты менен таанымал Кадыр Досоновго издөө жарыяланды

Окуялар тизмеги 30 Ноя 2020 12:27
0 ой-пикир

«Женго» каймана аты менен таанымал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары айтылып жүргөн Кадыр Досоновго издөө жарыяланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызматтын билдирүүсүндө айтылгандай, Досоновдун менчикке карата оор кылмышка катыштыгы бар экени тастыкталган.

28-ноябрь күнү Ош шаардык соту аны камакка алуу тууралуу чечим чыгарып, ага издөө жарыяланган.

Учурда атайын кызмат Досоновдун жүргөн жерин жана башка да кылмыштарга катышы бар экенин аныктоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканы айтылат.

Матраимовдор менен байланышы бар экени айтылган Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылычбек Саркарбаевдин Кадыр Досонов менен жолуккан видеосу буга чейин интернетке жарыяланып кеткен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.