Сузак милициясы Чүйдө дайынсыз болуп жаткан 11 жаштагы өспүрүмдү ата-энесине өткөрүп берди

Окуялар тизмеги 30 Ноя 2020 16:41
0 ой-пикир

2020-жылдын 28-ноябрь күнү Бишкек шаарынан Ош шаарына келе жаткан айдоочу Ош облусунун 27 жаштагы тургуну Б.З. тарабынан жашаган жери жана ата-энеси белгисиз 11 жаштагы И. аттуу өспүрүм бала адашып калгандыгын жана ага жардам көрсөтүү үчүн суранып, аны Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө калтырып кеткен.

Бул жаш өспүрүм боюнча Сузак РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, ал Чүй областынын Москва районунун тургуну 2009-жылы туулган Ж.И.М. экендиги жана ал 2020-жылдын 27-ноябрь күнү болжол менен саат 13.30дар чамасында үйүнөн чыгып ошол боюнча кайтып келбегендигине байланыштуу, Чүй ОИИБдин Москва РИИБне “Дайынсыз жоголуу” фактысы менен катталып, РИИБи тарабынан изделип жаткандыгы, жашы жете элек И.Ж.нын атасы учурда Ош шаарында жашап жаткандыктан атасын сагынып, Ош шаарына баруу максатында үйүнөн чыгып кеткендиги аныкталган.

Ал эми 29-ноябрь күнү жаш өспүрүмдүн апасы Д.А. Сузак РИИБне чакырылып, уулу И.Ж. колундагы тиешелүү буюмдары менен өткөрүлүп берилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.