Ош шаарындагы мектептерде 30-ноябрдан тарта 1-класстын окуучулары кадимки режимде окуй баштады. Менчик мектептер менен бала бакчалар да кадимки тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Массалык Маалымат Каражаттарында айтылды. Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык шарттарды эске алып, 1-класстын балдары тазалык нормаларын сактап окуусун мектептен улантуу тууралуу мэрия ноябрдын этегинде чечим чыгарган. Мектептердеги санитардык абалды шаардык эпидемиологиялык кызматтар көзөмөлдөп турмакчы. Ош шаарында 55 мамлекеттик, 26 менчик мектеп бар. 77 832 мектеп окуучусу катталган, аларга 3 277 мугалим сабак берет.
Сүрөт интернеттен алынды