Нарында таш көмүр казган 3 ишкана ишин токтотту

Окуялар тизмеги 30 Ноя 2020 16:13
0 ой-пикир

Нарында көмүр казуу менен алектенген ишканалар шериктештигинин үч мүчөсү бул бирикмеден чыкты. Бул тууралуу 30-ноябрда «Азаттык» радиосуна шериктештиктин башында турган «Кыргызкөмүр» ишканасынын басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова билдирди. Анын айтымында, 20 ишканадан турган шериктештиктин курамынан үчөөнүн чыгышына алар көмүр казуу иштери менен көптөн бери алектенбей калганы себеп болду. Бул ишканалар Бишкектин Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) көмүр ташыбайт.

«Алар — «АГК-Тоо Инвест», «Миң-Куш Индастри» жана «Нарын-Көмүр». Бул ишканалар мындан ары ЖЭБке көмүр жеткизүү менен алек болушпайт, бирок тоо-кен иштерин жүргүзө беришет. Жергиликтүү тургундар жолун тосуп салганына байланыштуу «Берекет-Кен», «Нарк-Тоо» жана «Миң-Куш» ишканаларынын да иши токтоп турат», — деди Жийде Зоотбекова.

Ошентип, «Кыргызкөмүрдүн» маалыматына караганда, азыр Нарында көмүр казган 20 ишкананын 14ү гана көмүр ташып жатат. Кесек көмүр бир гана «Кара-Кече» кенинен казылып алынууда.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.