Кыргыз жараны Түркияда орган сатып кармалды

Окуялар тизмеги 30 Ноя 2020 14:53
0 ой-пикир

Түркияда органдарды мыйзамсыз сатууга тиешеси бар деп шектелген 18 адам кармалды.

Качкындар арасындагы адамдарды сатууга каршы күрөшүү башкармалыгы “этика комитетине “кайрылып, өздөрүн органдарды трансплантациялоого муктаж адамдардын туугандарыбыз деп тааныштырышкан 18 чет өлкөлүктөрдүн шектүү көрсөтмөлөрү боюнча тергөө ишин баштады” деп жазат ЖМКлар.

Ошентип, тергөө иштеринин жүрүшүндө, бул адамдар бейтаптар менен туугандык байланышы жок болуп чыкты, өздөрүнүн органдарын сатууну каалашкан. Кармалган 18 адамдын арасында Нигерия, Уганда, Грузия, Россия, Украина, Кыргызстан жана Түркмөнстандын жарандары бар. Сурактан кийин 8 адам бошотулуп, 10 адам сотко өткөрүлдү.

Андан кийин 5 адам камакка алынып, калган 5 адамга кетпөө тууралуу тил кат берилген.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.