Китепканалардын кереги жогу Ош шаардык кеңешинин депутаты тарабынан айтылды

Окуялар тизмеги 30 Ноя 2020 17:03
0 ой-пикир

Ош шаардык кеңешинин депутаты Абдисаит Каримбеков учурда китепканалардын кереги жок экенин айтып, жоюп салууну сунуштады. Ал мындай пайдасы жок бюджеттен жөн эле акча короткон ишканалар көп экенин белгиледи. 

Каримбеков мындай сунушун бүгүн, 30-ноябрдагы шаардык кеңештин кезектеги сессиясында билдирди.

«Бүгүнкү күндө шаарда китепканалардын таптакыр кереги жок да. Жөн эле акчаны, бюджетти алып жатат. Ушундай ишканалардын бүт баарын жоюп койсоңуз туура болот да. Мамлекеттин акчасын жеп, элден топтоп алабыз, кайра эле ушундай туура эмес багытка кетип калган, калыптанып калган системалар бар. Ошону чечкиндүүлүк кылып жоюп салыш керек. Мындай ишканалардан 7, 8ди айтып берем сизге»,- деди Каримбеков.

Калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов шаардык кеңештин депутатынын айтканын четке какты.

«Эми китепкана болуш керек. Шарттарды да түзүп бериш керек. Бүгункү күндөгү китепканалардын жакшы иштебегени убагында ачылбаганы болуп жатат. Бирок китеп окуучуларды дагы эске алышыбыз керек»,- деди Сарыбашов.

Шаардык кеңешинин депутаттары Ош мэриясынын 9 ай ичинде аткарган жумуштары боюнча отчеттун угуп жатат.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.