“Каркыра” бекети 2021-жылдын март айына чейин жабылат

Окуялар тизмеги 30 Ноя 2020 16:27
0 ой-пикир

Кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра” бекети 2021-жылдын март айына чейин жабылат. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, чектөө аба ырайынын жана жол шарттарынын кескин начарлашына байланыштуу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында киргизилүүдө.

“Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги “Каркыра унаа жолу” (Кыргызстан) жана “Кеген унаа жолу” (Казакстан) бекеттери 2021-жылдын 1-мартына чейин убактылуу жабылат”, – деп айтылат маалыматта.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.