1-декабрдан тартып «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» сериясынын «Кыргыз күрөш» коллекциялык күмүш жана жез-никель монеталарын жүгүртүүгө Улуттук банк белсенип жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын башкы банкы 30-ноябрда кабарлады.
Мекеме монеталар улуттук спорттун бул түрүн кайрадан өнүктүрүү жана даңазалоо максатында чыгарылганын маалымдап, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналганын жана кыргыз күрөш кыргыз элинин улуттук спорт оюндарынын байыркы түрлөрүнүн бирине кирерин, көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыткан эң эле кызыктуу оюндардын бири экенин белгиледи.
Бардык коллекциялык монеталар Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.
Сүрөт интернеттен алынды