30-ноябрга карата COVID-19 вирусу Республикалык штабдын маалыматы боюнча 380 кишиде жаңы катталды. Алардын 137си — Бишкек шаарынын тургундары. Чүй облусунда 79 кишиден вирус чыкты. Оорудан бир күндө 5 адам каза таап, жалпы курмандыктардын саны 1271ге жетти .
Кыргызстанда COVID-19 катталган алгачкы күндөн тарта ооругандардын саны үчтөн (18-март) 72 807ге (30-ноябрь) чейин жетти. Лаборатордук жана клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган учурлар боюнча статистика бириктирилген 17-июлдан тарта ооругандардын эӊ көп саны катталган күндөр: 17-июль – 1654 , 18-июль – 1264.
Сүрөт интернеттен алынды