Жогорку Кеңеш 143 ноутбук, 12 LED-монитор, 54 персоналдык компьютер жана 47 принтер сатып алууну пландоодо

Окуялар тизмеги 29 Ноя 2020 10:10
0 ой-пикир

Тендердеги маалыматка караганда, Жогорку Кеңеш 143 ноутбук, 12 LED-монитор, 54 персоналдык компьютер жана 47 принтер сатып алууну пландоодо.

 Жогорку Кеңеш жаңы ноутбуктарды жана жыйындар залына керектүү жабдууларды сатып алуу үчүн 11,6 миллион сомго тендер жарыялады. Бул маалыматты парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова тастыктады.

“5-6-октябрьда Жогорку Кеңештин имаратындагы бардык техника, жабдуулар талкаланган. Алып кеткендер дагы болгон. Жыйындар залында депутаттардын алдында турган ноутбуктар түз эфирди камсыздоочу мониторлор, серверлер жок кылынган. Алардын баарын кайра алуу максатында тендер жарыяланып, мамлекеттик сатып алуулар порталына илинди”, — деди Индира Куралбекова.

Тендердеги маалыматка караганда, Жогорку Кеңеш 143 ноутбук, 12 LED-монитор, 54 персоналдык компьютер жана 47 принтер сатып алууну пландап жатат.

Эске салсак, быйылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор 6-октябрга караган түнү “Ала-Тоо” аянтына митингге чыккан. Айрымдары Жогорку Кеңештин имаратына кирип, талкалап, бир топ зыянга учураткан.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.