Сомдун курсун кармап туруу үчүн ноябрьда Улуттук банк 10-жолу интервенция жасады

Окуялар тизмеги 28 Ноя 2020 13:05
0 ой-пикир

Улуттук банк сомдун курсун кармап туруу үчүн ноябрь айынын эсеби менен онунчу жолу интервенция жасады.

Бүгүн Улуттук банк валюта рыногуна 1 млн 100 миң доллар саткан (бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен).

Жыл башынан бери Улуттук банк валюта рыногунда 25-ирет интервенция жасап жатат.

Белгилей кетсек, акыркы жумаларда Кыргызстанда доллардын курсу 85 сомдун тегерегинде болууда.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.