Ысык-Көлдө жол коопсуздугунун кызматкерлери айдоочулар менен ишти күчөтүүдө

Окуялар тизмеги 27 Ноя 2020 13:50
0 ой-пикир

Аба ырайынын кескин түрдө өзгөрүшүнөн, кардын чоӊ өчөмүндө түшүшүнөн жана температуранын төмөндөшүнөн улам, автожолдордун айрым бөлүгү музга айланууда. Ушундай түзүлгөн шартта, Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери жол кырсыктарын алдын алуу максатында бир катар уюштуручулук-практикалык иш чараларды турмушка ашырып келүүдө.

Автожолдордо тайгалак коркунучун туудурган тилкелерде жол-кайгуул кызматынын инспекторлорунун дислокациясы күчөтүлдү. Жүргүнчүлөрдү ташычуу мекемелерде жана автобекеттерде, күнүгө рейске чыгуунун алдында транспорттук каражаттардын кышка болгон даярдыгы, алардын техникалык абалы жана жабдылышы текшерилүүдө. Ошондой эле, айдоочулары менен түшүндүрүү иштери өткөрүлүп келүүдө.

Облустун аймагындагы автожолдор толугу менен изилденип, тайгалак болгон жана муз каптаган тилкелер аныкталып, аны жою боюнча көрсөтмөлөр тийиштүү жол чарбаларына жиберилди. Учурда, аталган тилкелерде инетртик материалдар төгүлүп, жол кырсыктарын болтурбоо боюнча аракеттер колго алынууда.

«Аба ырайынын кышкы шарты автоунаанын жүрүшүнө өз таасирин тийгизерин жана айдоочудан өзгөчө этияттыкты талап кыларын ар бирибиз жакшы билебиз. Себеби, транспорт каражатын бул мезгилде башкаруу кыйла татаалдашып, жол кырсыктын орун алышынын коркунучу жогорулайт. Ошондуктан, айдоочулар өзгөчө көңүлдү жол эрежелеринин талаптарын аткарууга, жол кыймылында автоунаалардын ортосундагы аралыгын жана ылдамдыктын режимин сактоого буруп, ошондой эле жайкы дөнгөлөктөдү кышкыга алмаштырууну  унутпашын эскертебиз», — дейт жол коопсуздук кызматынан. 

Cүрөт ИИМдики

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.