Улуттук банк 26-ноябрда сатыкка 5,8 миллион доллар чыгарды

Окуялар тизмеги 27 Ноя 2020 13:57
0 ой-пикир

Ушуну менен ноябрь айында тогузунчу, ал эми жыл башынан бери 24-жолу интервенция жүргүзүлүп, сатыкка жалпысынан 410,55 миллион доллардан ашуун каражат коюлду.

Бүгүн, 27-ноябрга карата доллардын расмий курсун Улуттук банк 84,79 сом деп аныктады, акча алмаштыруучу жайларда орточо сатуу курсу 84,90 сом болууда.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар быйыл март айында 85 сомго жетип, кийин кайра арзандап, 73 сомго түшкөн.

Жыл башынан бери Кыргызстанда доллардын курсу 15-16 сомго көтөрүлүп, ошого жараша азык-түлүк жана башка товарлар да кымбаттап кетти.

Орус рублинин бүгүнкүгө расмий курсу 1 сом 11 тыйын деп аныкталды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.