Садыр Жапаров: «Орус тили расмий тил катары сөзсүз калыш керек”

Окуялар тизмеги 27 Ноя 2020 15:33
0 ой-пикир

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров Конституциялык кеңешменин мүчөсүнүн орус тилин расмий макамынан ажыратуу сунушуна өзүнүн пикирин билдирди.

“Кечээ Конституциялык кеңешменин бир мүчөсү Конституциядан орус тилдин официалдуу статусун алып салууну сунуштады. Бул сунуш туура эмес. Орус тили ООНдун трибунасында колдонулган алты тилдин бири болот. Мындан сырткары биз кылымдардан бери колдонуп келген, улуттардын байланышын бириктирген тил болуп саналат. Евразия өлкөлөрү менен болгон байланышта жана карым катнаштарды орус тилсиз жүргүзүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, орус тили расмий тил катары сөзсүз калыш керек”- дейт.

Белгилей кетсек, бүгүн 27-ноябрда конституциялык кеңешменин мүчөлөрү Баш Мыйзамда кыргыз тилин мамлекеттик, орус тилин өлкөнүн расмий тили катары калтыруу чечимин кабыл алышты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.