«Митингчилерге ок атууга башкы командачы катары президент, андан кийин өкмөт жана башка жетекчилер жооп берүүгө тийиш», — Суваналиев

Окуялар тизмеги 27 Ноя 2020 08:25
0 ой-пикир

5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан митингчилерге ок атууга башкы командачы катары президент, андан кийин өкмөт жана башка жетекчилер жооп берүүгө тийиш. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын курамында парламенттик шайлоого катышкан Өмүрбек Суваналиев «Азаттыктын» «Эки бир» программасында билдирди. Ал айрым саясатчылар 5-октябрдагы ок атууга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы Орозбек Опумбаев менен мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин гана жоопкерчилигин кароо туура эмес деген пикирде.

«Министр, орун басарлары да жооп бериши керек, албетте. Бирок негизинен буга президент башкы командачы катары жооп берүүгө тийиш. Өкмөт башчынын да жоопкерчилиги бар. Жалгыз Опумбаев менен Жунушалиев жооп берет деген туура эмес», — деди ал.

Өмүрбек Суваналиев бир жыл мурда Кой-Таштагы ок атуу боюнча иликтөө иштери жакшы жүрбөй калганына байланыштуу 5-октябрда кайрадан митингчилерге ок атылды деп эсептейт.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына байланыштуу чыккан нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолуп, абал курчуп кеткен. 6-октябрга караган түнү митингчилер президенттик администрация менен парламенттин имаратын, УКМКны ээлеп алып, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Митингчилерге карай ок атылып, бир адам каза болгон, ондогон адамдар түрдүү жаракат алышкан.

Парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Суваналиев башаламандыктардан кийин кызматына кайтып барып, өлкөдөгү күч кызматтарын координациялоону колуна алган. 10-октябрда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков аны катчынын орун басарынын кызматынан бошоткон.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.