Курманбек Дыйканбаевдин бөгөт чарасы келерки жылдын 24-январына чейин деп аныкталды

Окуялар тизмеги 27 Ноя 2020 14:07
0 ой-пикир

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин бөгөт чарасы келерки жылдын 24-январына чейин деп аныкталды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.

Курманбек Дыйканбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалат.

Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек боюнча кармалганын атайын кызмат 24-ноябрда кабарлаган.

УКМК Дыйканбаев 2020-жылдын октябрь айындагы шайлоо учурунда «саясий партиялардын биринин кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин кызматтан алып саларын айтып, коркутуп, 7 миллион сомдон ашык каражат талап кылган» деп шек саноодо. Атайын кызмат Дыйканбаев кызмат абалынан пайдаланып мыйзамсыз алган каражатты шайлоо өнөктүгүндө көп добуш алууга колдонгонун, ага карата териштирүү Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен жүрүп жатканын билдирген.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.