Коронавирустан улам 5 адам каза болсо, 377 адам жугузуп алды

Окуялар тизмеги 27 Ноя 2020 11:22
0 ой-пикир

Республикалык штабдын маалыматына караганда, 27-ноябрга карай дагы 377 адамдан коронавирус табылып, 5 бейтап көз жумду. Каза болгондор Бишкек шаарынын(4), Нарын облусунун(1) тургундары болушкан.
Каза болгондордун жалпы саны 1 256га жетти. Ал эми коронавируска чалдыккандар 71 миң 548ди түздү, анын 3865 учуру медициналык кызматкерлер.

Акыркы суткадагы статистикага ылайык, стационарда дарыланууда 2875, амбулатордук дарыланууда 3698 бейтап бар.

53 адам – канааттандыраарлык абалда;
1961 – орто оордукта;
746 – оор абалда;
115– өтө оор абалда.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.